БАТКЕНДЕ “КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АЙТМАТОВ ААЛАМЫ” АДАБИЙ КЕЧЕСИ БОЛУП ӨТТҮ
2023-жылдын 26-октябрда Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу; Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы №353-т тескемесине ылайык КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында адабий кече уюштурулду.
Иш-чарага «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна, Мамлекеттик тил комиссиясынын мамлекеттик тил бөлүм башчысы Тилакматова Алмагүл Өмүрзаковна, Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор Айдарбек Гыязов, университеттин профессордук-окутуучулар курамы, студенттер, окуучулар катышышты.
Кеченин биринчи бөлүгүндө, Батма Топоева-Ставинская тарабынан Мамлекеттик тил комиссиясынын жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тууралуу презентация жасап, тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест тууралуу кеңири маалымат берди. Ал эми, Мамлекеттик тил мыйзамына киргизилген өзгөртүү-түзөтүүлөр боюнча Тилакматова Алмагүл Өмүрзаковна презентация жасады.
![](https://kyrgyztest.gov.kg/wp-content/uploads/2023/10/бб33-1080x720.jpg)
![](https://kyrgyztest.gov.kg/wp-content/uploads/2023/10/бб2-1-1080x720.jpg)
![](https://kyrgyztest.gov.kg/wp-content/uploads/2023/10/бб1-1-1080x720.jpg)
![](https://kyrgyztest.gov.kg/wp-content/uploads/2023/10/454545-1080x720.jpg)
![](https://kyrgyztest.gov.kg/wp-content/uploads/2023/10/78787-1080x720.jpg)
![](https://kyrgyztest.gov.kg/wp-content/uploads/2023/10/45454-1080x720.jpg)
![](https://kyrgyztest.gov.kg/wp-content/uploads/2023/10/8979-1080x720.jpg)
![](https://kyrgyztest.gov.kg/wp-content/uploads/2023/10/24255-1080x720.jpg)