Батма Топоева-Ставинская Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Ардак грамотасы менен сыйланды

       Бүгүн, 2024-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө салым кошкондугу жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө жигердүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгынын жана  Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнүн урматына «Кыргызтест»  мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Ардак грамотасы менен сыйланды.

       Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Ардак грамотасын алуу менен «Кыргызтест» системасы өз учурунда иштелип чыгып, мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө бирден бир түрткү берген каражатка айланышы кыргыз тилинин Конституциялык деңгээлге чыгуусуна  себепкер болду деген сиздердин жүйөлөрүңүздөр бүгүн тастыкталып отурат. Андыктан биздин мекемеге ишеним көрсөткөн ар бир мекендешибизге терең ыраазычылык билдиребиз! 

You may also like...