ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНҮН БИР АЙЛЫГЫ – РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА

Эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жарыялаган бир айлыктын иш планынын алкагында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан Москва жана Санкт-Петербург шаарларында бир катар иш-чараларды уюштуруу каралууда.

Москва шаарында 1215-февраль күндөрү өтүүчү иш-чаранын программасы:

  • «Кыргызтест» системасы боюнча презентация жасоо:
  • Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы элчилигинин кызматкерлерине;
  • Москва шаарында жашап жана эмгектенип жүргөн мекендештерге;
  • Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин студенттерине.
  • Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы элчилигинин кызматкерлери арасында «Кыргызтест» системасынын деңгээлдери боюнча тест жүргүзүү;
  • Сертификаттарды салтанаттуу тапшыруу;
  • Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы элчилигинин кызматкерлери, Москва шаарында жашап жана эмгектенип жүргөн мекендештер жанаММЛУнун студенттеринин арасында мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) тилдери боюнча флешмоб түрүндөгү чакан тест өткөрүү.

Санкт-Петербург шаарында 1617-февраль күндөрү өтүүчү иш-чаранын программасы:

  • «Кыргызтест» системасы боюнча презентация жасоо:
  • Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы өкүлчүлүгүндө;
  • Санкт-Петербург шаарында жашап жана эмгектенип жүргөн мекендештерге.
  • Санкт-Петербург шаарында жашап жана эмгектенип жүргөн мекендештердин арасында мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) тилдери боюнча флешмоб түрүндөгү чакан тест өткөрүү.

You may also like...