КР ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ТИЛ САЯСАТЫ БОЮНЧА УЛУТТУК КОМИССИЯ БАКУ ШААРЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМДА

Азербайжан Республикасы тарабынан уюштурулган форумга Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Венгрия өлкөлөрүнөн жана Кипрден келген өкүлдөр катышышты.

Кыргыз Республикасы тарабынан КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев баяндама жасады. Өз баяндамасында К. Осмоналиев Кыргыз Республикасында жашаган азербайжандардын өлкөбүздүн өнүгүүсүнө ар тараптан кошуп жаткан салымын белгиледи. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында ТҮРКСОЙ эл аралык конференциясында каралган түрк тилдүү мамлекеттердин өз ара биримдигин чыңдоо жаатындагы маселелерди ишке ашыруу абдан маанилүү экендигине токтолду.

Ушул эле күндүн экинчи жарымында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен Азербайжан Республикасынын Диаспора менен иштөө боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумда түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда билим берүү, маданият жана тилдерди билүү деңгээлин баалоо боюнча кызматташуулар каралган.

2022-жылдын 19-декабрында КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, КР Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү О.Э. Капалбаев, Д. Сүйүнов жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская Азербайжан Республикасынын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин көрүстөнүнө гүл коюшту.

Мындан тышкары, К. Осмоналиев Азербайжан мамлекетинин бир нече телеканалдарына интервью берип, кыргыз делегациясынын Баку шаарына болгон иш сапарынын максаттары жөнүндө айтып берди.

You may also like...