КЫРГЫЗТЕСТ: 2022-ЖЫЛДЫН 12–16-ДЕКАБРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

        2022-жылдын 12-декабрынан 16-декабрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э. Алиев атындагы Академиясынын, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлүп, жалпысынан 101 адам тестке катышты.

        «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 2022-жылдын 19-декабрынан 24-декабрына чейин Ысык-Көл облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн көчмө тест уюштурат. Мобилдик тест Каракол шаарында К. Тыныстанов көчөсү, 53 дареги боюнча жайгашкан М. Горький атындагы №11 мектеп-гимназияда өткөрүлөт.

        Тесттен өтүүнү, деңгээлин жогорулатууну жана субтесттерди кайра тапшырууну каалагандар толук маалымат алуу үчүн +996 555 150 646 телефону аркылуу байланыша алышат.

You may also like...