КЫРГЫЗТЕСТ: 2025-ЖЫЛДЫН 3-8-ФЕВРАЛЫНДАГЫ ТЕСТТЕР
2025-жылдын 3-8-февраль күндөрү бекитилген графикке ылайык КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Акыйкатчы Институтунун, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.
«Кыргызтесттин» көчмө тобу бул күндөрү Ош облусунда тест жүргүзүүнү улантты. Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Мамлекеттик бажы кызматынын “Ош бажысы” түзүмүнүн жана КР Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын кызматкерлери тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.
Аталган күндөрү Бишкек шаары жана Ош облусу боюнча жалпы 464 адам тест тапшырды.



