КЫРГЫЗТЕСТ: 23-СЕНТЯБРЬ ФЛЕШМОБ

Үстүбүздөгү 2018-жылдын 23-сентябрында, Бишкек шаарындагы “Бишкек Парк” соода борборунун M1 кабатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан 23-сентябрь- Кыргыз тил күнүнө карата уюштурулган флешмоб түрүндөгү акциясы жакшы уюшкандыкта өткөрүлдү. Бардык каалоочулар аталган иш-чарага катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тесттен өтүп жатышты. Иш-чара  саат 11:00до башталып, саат 16:00го чейин 96 катышуучу өз билим деңгээлин аныктады. Флешмоб «Кыргызтесттин» сайтында онлайн режиминде көрсөтүлүп жатты.  Ошондой эле «Кыргызтест» системасы боюнча маалымат алууну каалагандарга атайын даярдалган буклеттер жана колдонмолор таркатылып жатты.

Тест өткөрүлүп бүткөн соң,   «Кыргызтесттин» мобилдик тиркемесинин  бет ачары болду. Аталган иш-чарага катышкандар бул акцияны жогору баалап, ыраазычылыгын билдирип жатышты.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Жогорку Кеңештин жана Жогорку Окуу жайлардын  өкүлдөрү катышты.

 

You may also like...