КЫРГЫЗТЕСТ:20–24-ЯНВАРДАГЫ ТЕСТТЕР
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү улантууда. 2025-жылдын 20-24-январь күндөрү КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, КР Энергетика министрлигинин жана Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери үчүн «Кыргызтест» системасы боюнча тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлдү. Жалпы 223 адам тест тапшырды.
