«КЫРГЫЗТЕСТ»: ЖОЖДОР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ

2022-жылдын 29-январында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда кол коюлган биргелешкен кызматташуу Меморандумунун алкагында 2022-жылдын 4-апрелинен 8-апрелине чейин аталган университеттин окутуучулары ««Деңгээлдештирилген «Кыргызтест» системасы боюнча тест тапшырмаларын иштеп чыгуу ыкмалары» аталышындагы окутуу семинарына катышып, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин тест жүргүзүү процесси менен таанышышты. Семинардын жыйынтыгында бардык катышуучуларга Сертификаттар тапшырылды.

You may also like...