«КЫРГЫЗТЕСТ»: МЕКЕМЕДЕГИ ИШТЕР

   Бүгүн, 2022-жылдын 7-мартында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С.Ж. Мусаев «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин жамааты менен жолугушту.

    Сыртбай Жолдошович мекеменин ишмердигине жогору баа берип, «Кыргызтестти» келе жаткан майрам менен куттуктап, мекеменин жамаатына ийгилик каалады.

Кошумча маалымат: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө” № 319 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия деп кайра аталып, Улуттук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү менен “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы “Кыргыз энциклопедиясы” башкы редакциясы” мекемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиясы өткөрүлгөн.

You may also like...