КЫРГЫЗТЕСТ: АЖЫ БАШЧЫЛЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛЕР ТЕСТ ТАПШЫРУУДА

       Бүгүн, 2024-жылдын 20-ноябрында саат 8:00дөн 19:00гө чейин «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кайрылуу катынын негизинде ажылык сапарга баруучулар тобунун жетекчилеринин арасында ажы башчыларын тандап алуунун 1-турунун алкагында тест жүргүзүлдү.

Ажы башчысына талапкерлердин мамлекеттик түзүлүштү, диний маселелерди билүүсү жана адамды туура жолго багыттоо үчүн таасир этүүчү кеп кура алуу жөндөмү маанилүү болгондуктан, учурда өтүп жаткан тестке «Сүйлөө» субтести да кошулду.

Тестке жалпысынан 361 талапкер катышып, тест жыйынтыгы ушул эле күнү берилди.

You may also like...