КЫРГЫЗТЕСТ: БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ МОБИЛДИК ТЕСТ

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу Баткен облусундагы мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүүнү улантууда. 2023-жылдын 13-16-ноябрь күндөрү Кадамжай райондук администрациясына караштуу Масалиев, Бирлик, Айрыбаз, Чаувай, Кыргыз-кыштак, Алга, Майдан, Көтөрмө, Үч-Коргон, Исхак Полотхан, Баткен районунун Кыштут айыл өкмөттөрүнүн, Мамлекеттик салык кызматынын Кадамжай району боюнча башкармалыгынын, Айдаркен шаардык мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадамжай, Баткен райондору, Баткен, Кызыл-Кыя шаарлары боюнча башкармалыктарынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюча тестке катышышты.


Аталган күндөрү жалпысынан Баткен облусу боюнча 328 мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар тест тапшырган.

Тест Баткен шаарындагы М.Салихов көчөсү, 23 дарегинде жайгашкан В.И.Ленин атындагы орто мектебинин электрондук китепканасында өтүүдө.
Кошумча маалымат: Баткен шаарындагы мобилдик тесттер 2023-жылдын 19-ноябрына чейин өткөрүлөт. Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 772 288 886 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...