«КЫРГЫЗТЕСТ» – КАЗТЕСТ КЫЗМАТТАШТЫГЫ УЛАНТЫЛУУДА

       Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан Улуттук тест борбору “УБТ 20 жыл: билим берүүнү тест жүргүзүү аркылуу трансформациялоо” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын иши 31-октябрда эки маанилүү тегерек стол менен уланды.

Биринчи тегерек столго “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б, Топоева-Ставинская, маалымат-технологиялар бөлүмүнүн башчысы Б.Т. Талапов, башкы адис М.М.Мирболотова катышты.

            Тегерек столдун жүрүшүндө “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б, Топоева-Ставинская доклад жасап,  “Жазуу”, “Сүйлөө” субтесттерин электрондук тестке киргизүүдөгү мүмкунчүлүктөрдү ортого салды. Кыргызтесттин бул жааттагы тажрыйбасы катышуучуларды кызыктырып көптөгөн суроолор менен коштолду.

           Ушул эле күнү Кыргызтесттин кызматкерлери КАЗТЕСТ кеңсесинде КАЗТЕСТ кызматкерлери менен пикир алышты. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б. Топоева-Ставинская «Кыргызтест» системасы тууралуу кеңири баяндама жасап, тилди билүү деңгээлин баалоо жаатында тажрыйбасы менен бөлүштү.

          2025-жылы «Кыргызтест» – Казтесттин кызматташуусунун багыттары белгиленди.

You may also like...

casino siteleriDeneme BonuslarOnwincasibom girişcasino sitelericasibomcasibom girişholiganbetjojobet güncelholiganbet girişcasibom sitesicasibom girişcasibom 7/24 girişONWİNbets10 giriş