«КЫРГЫЗТЕСТ»: КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫ ТЕСТ ТАПШЫРУУДА

       Бүгүн, 2024-жылдын 25-январында 2023-жылдын 17-июлундагы №140 «Мамлекеттик тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын кайрылуусунун негизинде «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси депутаттардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест өткөрдү.
       Эл өкүлдөрү жалпы тартип боюнча «Лексика. Грамматика», «Окуу», «Угуу» субтесттери боюнча тапшырмаларды аткарып, өз ойлорун темаларга ылайык оозеки жана жазуу жүзүндө билдирип жатышты.
       Эл өкүлдөрү өз демилгеси менен мамлекеттик тилден тест тапшырышы жалпы коомчулук тарабынан канааттануу менен кабыл алынып жатты.
       Буга чейин 2024-жылдын 22-23-январь күндөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин арасында флешмоб түрүндө чакан көнүгүү тесттери уюштурулган.

You may also like...