«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү

       2019-жылдын 2-октябрында  «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили» мыйзамынын 30 жылдыгына  арналган  «Мамлекеттик тилдин ички мүмкүнчүлүгүн  колдонуу системасын өнүктүрүүнүн келечеги» аталышындагы I Эл аралык илимий-практикалык конференциясын Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрдү.

       Бул конференцияга Кыргыз Республикасынын Президент Аппаратынын,  Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңешинин,  министрликтеринин, ведомстволорунун, обладминистрацияларынын, Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки окутуу уюмдарынын жетекчилери жана окутуучулары, ошондой эле Россия Федерациясынан келген тажрыйбалуу эксперттер катышышты. Эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн бул илимий конференциянын жүрүшүндө РФ билим берүү чөйрөсүндө башкаруу кадрларын даярдоо боюнча президенттик программалардын жетекчиси, педагогика илимдеринин кандидаты Н. А. Штурбина, М. В. Ломоносов атындагы МОМУнун профессору, педагогика илимдеринин доктору В. А. Степаненко жана ошол эле окуу жайдын орус тил жана маданият  институтунун доценти, педагогика илимдеринин кандидаты М. М. Нахабина ж. б. жергиликтүү Жогорку окуу жайлардын илимий даражалуу окутуучулары өз баяндамаларын жасашты. Ошондой эле биз менен кызматташып жаткан Нидерландыдагы CITO педагогикалык изилдөө улуттук институтунун өкүлү Николас Дитерен  «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүн жогору баалап, он-лайн режиминде өз каалоо-тилектерин айтып куттуктады.

       Конференция максатка ылайык эки топто жүргүзүлүп, кызыктуу ой-пикирлерди жаратты.

You may also like...