Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин флешмобу – Ош шаарында

          2019-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Ош шаарындагы “Нурзаман” соода борборунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин 30 жылдыгынын урматына флешмоб түрүндө чакан тест өткөрдү.

Тест эртеӊ мененки саат 11:00дө башталып, 17:00гө чейин созулду.

         Бул флешмобго Ош шаарынын тургундары – ар түрдүү кесиптин ээлери, студенттер жана окуучулар, жалпысынан 115 адам катышты. Катышуучулар «Кыргызтест» системасынын тартибине ылайык «Лексика. Грамматика», «Окуу», «Угуу», «Жазуу», «Сүйлөө» субтесттеринен тапшырмаларды аткарышты.

       Тесттин аягында өз ой-пикирлерин, каалоо-тилектерин айтып жатышты.

«Кыргызтест» тарабынан катышуучуларга чакан белектер ыйгарылды.

You may also like...