КЫРГЫЗТЕСТ: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА «БИШКЕК ПАРК» СООДА БОРБОРУНДАГЫ ФЛЕШМОБ

Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмасынын негизинде Министрлер Кабинети тарабынан жарыяланган бир айлыктын алкагында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Мамлекеттик тил күнүнө арналган флешмобдорду өткөрүүнү улантууда.

Бүгүн, 2022-жылдын 15-сентябрында саат 11:00дон 18:00го чейин «Бишкек Парк» соода борборунда флешмоб болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президент Аппаратынын жана министрликтердин кызматкерлери катышышты.

Жалпысынан 130дан ашуун катышуучу «Лексика. Грамматика», «Окуу» жана «Угуу» субтесттери боюнча 30 мүнөткө ылайыкталган чакан тестти аткарышып, өз деңгээлдерин аныктоо менен улуттук «Кыргызтест» системасы менен таанышып, кеңири маалымат алышты. Ошондой эле 2 адам сертификаттык толук тесттен өттү, 10 адам субтесттерди кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк алды. Тесттин катышуучуларына «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин белектери тапшырылды.

You may also like...