КЫРГЫЗТЕСТ»: ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНА ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮ
Бүгүн 2022-жылдын 3-мартында, Бишкек шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын окутуучулар курамынын арасынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын Бишкектеги А.Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумунун окутуучулары мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча тестке бул жылы биринчилерден болуп катышышты.
Окутуучулар Базалык А2 – Жогорку С1 деңгээлдери боюнча тест тапшырышты.
Ошондой эле, мекемеде субтесттерди кайра тапшыруу жана мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатууну каалгандар үчүн тест жүргүзүү иштери штаттык тартипте уланууда.