КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү улантууда.
2024-жылдын 22-27-январь күндөрү «Кыргызтесттин» кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын кызматкерлеринин, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы билим берүү мекемелеринин директорлорунун арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.
2024-жылдын 25-26-январында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратында депутаттардын, фракция катчылыктарынын кызматкерлеринин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, орун басарларынын арасында өткөрүлдү.
Жалпы 585 кызматчы тест тапшырды.

You may also like...