КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

2024-жылдын 29-июлунан 2-августуна чейин бекитилген графикке ылайык Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестине катышышты.

Бул күндөрү «Кыргызтест» мекемесинин Ысык-Көл облусунда уюштурган мобилдик тести жыйынтыкталды. 29-июлдан 1-августка чейин Балыкчы шаарында Чолпон-Ата шаардык мэриясынын, Ысык-Көл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, КР Социалдык фондунун Ысык-Көл райондук башкармалыгынын, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн, Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл району боюнча башкармалыгынын, Балыкчы шаардык мэриясынын, Балыкчы шаардык сотунун жана Бостери айыл аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

Жалпысынан 29-июлдан 2-августка чейин 376 адам тест тапшырды.

You may also like...