ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТАРЫНДАГЫ МОБИЛДИК ТЕСТТЕР

Урматтуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери!

2022-жылдын 21-ноябрынан 3-декабрына чейин «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча көчмө тест уюштурат. Ош облусу боюнча тест жүргүзүү 2022-жылдын 21-ноябрынан 26-ноябрына чейин Ош шаарында Исанов көчөсү, 73 дарегинде жайгашкан Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин башкы корпусундагы Электрондук китепкананын 1-кабатында өткөрүлөт. Ал эми 2022-жылдын 28-ноябрынан 3-декабрына чейин тест Жалал-Абад облусунда жүргүзүлөт. Тест өткөрүлө турган орун-жай боюнча кошумча маалымат «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин сайтында жарыяланат.

Тесттен өтүүнү, деңгээлин жогорулатууну жана субтесттерди кайра тапшырууну каалагандар толук маалымат алуу үчүн +996 555 150 646 телефону аркылуу байланыша алышат.

You may also like...