Тест жүргүзүү эрежелерин бузуу учурлары

2021-жылдын 17-18-ноябрь күндөрү Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын төрт кызматкери тест учурунда уюлдук телефондорду жана алдын ала даярдалган баракчаларды колдонуу менен тест эрежелерин одоно бузган учурлар катталды.

Тартип бузуучуларды бир айдан үч айга чейинки мөөнөткө тест тапшыруудан четтетүү менен тесттин жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Эскертүү:

Мындай тартип бузуулар көбөйгөндүгүнө байланыштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тест тапшыруучу бардык жарандардын электрондук каражаттарынын бар-жоктугун металлиздегич аркылуу кошумча текшерүүгө аргасыз болууда.

You may also like...