«Кыргызтест» жаңылыктары

       Бүгүн, 2020-жылдын 30-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Дастан Далабайевич «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилден тест тапшырды.

       Башка тест тапшыруучулар сыяктуу эле, депутатка «Лексика. Грамматика», «Угуу», «Окуу», «Жазуу» жана «Сүйлөө» субтесттери сунуш кылынды.

       Депутат Бекешев Д.Д. тестти ийгиликтүү тапшырып, мамлекеттик тилди Ортодон жогору деңгээлде (В2) билүүсүн тастыктоочу Сертификат алды.

       Бекешев Д.Д. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаттык корпусунун ичинен биринчи болуп мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестти өз каалоосу менен келип тапшырды.

You may also like...