Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебиндеги иш-чара - "КЫРГЫЗТЕСТ" мамлекеттик мекемеси

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебиндеги иш-чара

       2025-жылдын 5-мартында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн кээ бир маселелери” аттуу кереге кеңеш өткөрүлдү. Иш-чараны илимий иштер, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору, м.и.д. проф. Орозали Жаанбаевич Узаков алып барды.

      Кереге кеңешке Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Казакбаевич Мураталиев, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна жана белгилүү адистер катышты.

      Кереге кеңештин алкагында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Б.Б. Топоева-Ставинская тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз тилди санариптик окутуу” платформасынын таанытымы жүргүзүлүп, автор платформаны колдонуу боюнча суроолорго жооп берди. Ошондой эле Б.Б. Топоева-Ставинская аталган окуу жайдын жамааты Чүй облусунда жайгашкан ЖОЖдордун ичинен мамлекеттик тил боюнча толугу менен “Кыргызтест” системасынын деңгээлдик тесттерин тапшырып, биринчилерден болуп сертификат алганын жакшы жөрөлгө катары белгиледи.

     Иш-чара онлайн жана офлайн форматта болуп, Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин жетекчилери жана мамлекеттик тилге жооптуу кызматкерлер катышты.

Аталган иш-чара жакшы деңгээлде өттү.

You may also like...

OnwinholiganbetDeneme Bonusu Veren Siteleronwinonwin girişjojobet OnwinholiganbetDeneme Bonusu Veren Siteleronwinonwin girişjojobet