Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасы Жогорку Кеңештин депутаттарына тааныштырылды - "КЫРГЫЗТЕСТ" мамлекеттик мекемеси

Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасы Жогорку Кеңештин депутаттарына тааныштырылды


Бүгүн, 14-февралда КР Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Инновациялык борбордо Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Б.Б. Топоева-Ставинская тарабынан иштелип чыккан Кыргыз тилди санариптик окутуу платформасы Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Аппарат кызматкерлерине тааныштырылды.
Анын бет ачар аземине депутаттар Винера Раимбачаева, Жайлообай Нышанов, Чингиз Айдарбеков, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Аземде сөз сүйлөгөн эл өкүлү Винера Раимбачаева кыргыз тилин окутуунун санариптик платформасынын пайда болушу учурдун талабы экенин белгилеп, бул саамалык тилди жогорку деңгээлде үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берерин билдирди. Депутат Чингиз Айдарбеков да платформанын өзгөчөлүгүн белгилеп, чет мамлекетте жашаган мекендештер үчүн мыкты программа болорун айтты. Депутаттар Б.Б. Топоева-Ставинскаяга бул эмгеги үчүн ыраазычык билдирди.
Батма Топоева-Ставинская платформа менен иштөөнүн усулдары менен тааныштырды. Ал белгилегендей платформа мамлекеттик тилди үйрөнүүнү санариптик форматта уюштуруу үчүн атайын иштелип чыккан. Мында мультимедиялык каражаттарды колдонуу менен маалыматты угуп жана окуп түшүнүү, өз оюн жазуу жүзүндө жана оозеки билдире алуу сыяктуу тилдик көндүмдөрдү ырааттуу үйрөтүү ыкмалары берилип, окуу материалдарын, тесттерди, көнүгүүлөрдү жана башка билим берүү ресурстары сунушталат.
«Кыргызтест» системасынын деңгээлдик талаптарына ылайык платформа төрт бөлүктү камтыйт, алар: Лексикалык минимум, Лексиканы колдонуу, Коммуникативдик компетенция, Функционалдык грамматика.
Платформага https://sanariptik-okutuu.kg/ аркылуу кире аласыз.

You may also like...

OnwinholiganbetDeneme Bonusu Veren Siteleronwinonwin girişcasibom girişjojobet OnwinholiganbetDeneme Bonusu Veren Siteleronwinonwin girişcasibom girişjojobet