КЫРГЫЗ ТИЛИН САНАРИПТИК ОКУТУУ ПЛАТФОРМАСЫНЫН ТААНЫТЫМЫ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн, 2025-жылдын 27-мартында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская Ж.Баласагын атындагы КУУ окуу иштери боюнча проректору Алайбек Шамшиев менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда тараптар “Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасынын алкагында кызматташтык мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Аталган платформа кыргыз тилин окутууну санариптик технологиялар аркылуу жеткиликтүү кылууга багытталган жана бул иш-чаранын эки мекеменин ортосундагы тыгыз кызматташтыкты арттыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк боло тургандыгы белгиленди.
Проректор Алайбек Шамшиев кыргыз тилин өркүндөтүп эле тим болбой, аны кеңири жайылтып, даңазалачу мезгил келгенин баса белгилеп, бул багытта Улуттук университетте аткарылып жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат берди жана “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушууга факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Гүлмира Осмоналиева катышты.
Жолугушууда, ошондой эле “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди окутуунун сапатын жакшыртууга жана аны санариптик форматта уюштуруу үчүн тиешелүү технологиялар менен камсыз кылууга кошкон салымы жана алдыдагы пландары тууралуу да сөз болду.
Бул жолугушуу эки тарап үчүн да чоң мааниге ээ болуп, кыргыз тилин санариптик билим берүү процесстерине киргизүү боюнча иш алып баруунун келечеги тууралуу пайдубал таштады.
Жолугушуудан кийин башкы имараттын конференц-залында КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Б.Б.Топоева-Ставинская тарабынан иштелип чыккан Кыргыз тилди санариптик окутуу платформасынын таанытымы өткөрүлдү.
Бул иш-чарага Ж.Баласагын атындагы КУУ окуу иштери боюнча проректору А. Шамшиев, Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Б. Жайлообаев, Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Г.Осмоналиева жана окутуучулар катышты.
Платформанын автору платформа менен тааныштыргандан кийин катышуучуларга Санариптик окутуу платформасынын ачкычын, башкача айтканда, кирүү QR кодун ачып берип, аны колдонуу ыкмасын көрсөттү.
Суроо-жооптордон кийин катышуучулар аталган платформаны колдонууга өтүштү. Иш жүзүндө платформаны колдонуп көргөн Ж.Баласагын атындагы КУУ окутуучулары колдоого алып, мамлекеттик тилди сактоо жана өнүктүрүү маселесине чоң маани берүү керек экендигин баса белгилешип, тил адистери бул платформаны кыргыз тилди жайылтуу, аны санариптик дүйнөгө киргизүү жана келечекте кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салым кошо тургандыгы тууралуу өз пикирлерин билдиришти.





