КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН АБАЛЫ ЖӨНҮНДӨ ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

Жыйынга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б. Б. Топоева-Ставинская, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Керимбаева Рахат Топчубаевна жана аталган мекеменин орун басарлары, аппарат кызматкерлери, түзүмдүк ведомстволордун жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты.


КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар тармагында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана “Инфодокс” системасындагы абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б. Б. Топоева-Ставинская баяндама жасашты.


Жыйындын соңунда, Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан сунушталган кайрылуу кабыл алынды.

You may also like...