КЫРГЫЗТЕСТ: 2023-ЖЫЛДЫН 16–20 – ОКТЯБРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

       Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышууну каалаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан мобилдик тестти 2023-жылдын 24-октябрына чейин узартты.
Аталган тест Н. Исанов көчөсү, 79 дарегинде жайгашкан Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 2-корпусунун 2-кабатында компьютердик класста өткөрүлүүдө. 
2023-жылдын 16–20 – октябрь күндөрү Ош облусу боюнча Өзгөн жана Араван райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары тест тапшырышты.
«Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде 2023-жылдын 16–20 –октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин,  Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципиалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.
Аталган күндөрү Ош облусу жана Бишкек шаары боюнча жалпы 1254 адам тест тапшырды.
 
Кошумча маалымат: Ош шаарында мобилдик тесттер 2023-жылдын 24-октябрына чейин өткөрүлөт. Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 772 288 886 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...