«Кыргызтест»: Февралдагы тест жүргүзүү

2022-жылдын февраль айынын ичинде «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча тестке Биринчи май райондук администрациясынын, билим берүү мекемелеринин, Токмок шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын, Октябрь райондук администрациясынын жана  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери катышышты.

Мамлекеттик кызматкерлердин арасында тестти алгач тапшыргандар да, деңгээлдерин жогорулатуу максатында келишкендер да болду.

Мекеменин иши штаттык тартипте уланууда.

You may also like...