КЫРГЫЗТЕСТ: КАНТ ШААРЫНДАГЫ ЖЫЙЫН

      2023-жылдын 1-мартында Кант шаарынын мэриясында «Кант шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы» аталышындагы жыйын өттү.

       Иш-чарага КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштообаева, Кант шаарынын мэри У.Б. Майлибашев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская, шаардык мамлекеттик администрацияларынын жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.

       Жыйында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев «Кант шаарында мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилдин ролу» деген темада баяндама жасады. Ал эми «Кыргызтест» мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду» деген аталыштагы баяндамасында «Кыргызтесттин» иши жана алдыдагы максаттары тууралуу кеңири айтып берди.

       Ошондой эле «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Кант шаарынын мэриясында жана №2 жалпы орто билим берүү мектебинде мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча флешмоб форматындагы чакан тесттерди уюштурду. Флешмобго Кант шаарынын мэриясынын, Ысык-Ата районунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери, мектеп директорлору жана мугалимдери активдүү катышып, жалпысынан 83 адам чакан тесттен өттү.

You may also like...