КЫРГЫЗТЕСТ: КАЗТЕСТ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ

       Бүгүн, 2023-жылдын 25-ноябрында, «Кыргыз Республикасында тил боюнча деңгээлдештирилген тест системасын өркүндөтүү» аталышындагы «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин 5 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын алкагында Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун директорунун орун басары Наужан Абдисатаровна Дидарбекова жана КАЗТЕСТ системасын өнүктүрүү башкармалыгынын тестти уюштуруу боюнча илимий-усулдук лабораториянын башчысы Жанар Болатовна Адильбекова Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоочу ыйгарым укуктуу мекемесинин иши жана тилди билүү деңгээлин баалоо системасы менен менен таанышышты.
       КАЗТЕСТ өкүлдөрүн «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская жана кызматкерлери тосуп алышты.
Жолугушууда тараптар кызматташуусунун келечектеги пландары, аларды ишке ашыруу багыттарын талкуулашты.
Буга чейин 24-ноябрь күнү «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун ортосунда аткарылган жигердүү иштин жыйынтыгында кызматташуу меморандумуна кол коюлган.

You may also like...