«КЫРГЫЗТЕСТ» МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИНЕ 5 ЖЫЛ!

       2023-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин 5 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасында тил боюнча деңгээлдештирилген тест системасын өркүндөтүү» аталышындагы эл аралык конференция өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн саясатты иштеп чыгуу, мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнөн Кыял Байышевна Жанузакова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Калыбековна Раимбачаева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевич Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрайымы Бакыт Карыбековна Тыналиева, Россиянын Эл аралык билим берүү борборунун директору жана ТРКИ системасынын түптөөчүлөрүнүн бири Вера Александровна Степаненко, коомдук ишмер Роза Төрөкуловна Айтматова конференциянын меймандарына жана катышуучуларына куттуктоо сөздөрүн жолдошту.
Россия билим берүү академиясынын Билим сапатын баалоо боюнча Евразия ассоциациясынын президенти, Улуттук изилдөө университетинин Жогорку Экономика мектебинин илимий жетекчиси, РИА академиги, п.и.д. Виктор Александрович Болотов «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине куттуктоо кат жөнөткөн. Нидерланд мамлекетинен тилдерди билүү деңгээлин баалоо боюнча эл аралык эксперт Эстер ван Лу жана «СИТO» педагогикалык изилдөөлөр институтунун эксперти Николас Дитерен, Санкт-Петербург шаарынын Чет тилдер институтунун өнүктүрүү боюнча проректору Артур Насипбекович Бакиров конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөздөрүн онлайн тартипте жолдошту.
Пленардык жыйында «КАЗТЕСТ системасы: ишке ашыруу тажрыйбасы, жетишкендиктери жана өнүгүү жолдору» аталышындагы баяндама менен Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун директорунун орун басары Наужан Абдисатаровна Дидарбекова сөз сүйлөдү. Ушуга катар эле, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская ««Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди деңгээлдештирип окутуунун заманбап технологиялары» (Электрондук колдонмонун бет ачары) деген темада баяндама жасады.
Секциялык иштерде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз-Россия Славян университетинин, Алматы шаарынын SDU университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Россия Славян университетинин, П. Лумумба атындагы Россиянын Элдер достугу университетинин, «Москва билим берүүнүн корпоративдик университети» кесиптик билим берүү мекемесинин, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин окутуучулары баяндама жасашты. Секциянын жүрүшүндө тил боюнча тест жүргүзүү маселелери талкууланып, Россия Федерациясынын ТРКИ, Казакстан Республикасынын КАЗТЕСТ системалары менен тажрыйба алмашуу болду.
Секциялык иштердин жүрүшүндө республиканын аймактарынан келген мугалимдер, окутуучулар иш жүзүндө чет элдик алдыңкы эксперттердин жетекчилигинде тест тапшырмаларын түзүү принциптери, тест түзүү үчүн материалдарды тандоо жана тест жоопторун баалоо критерийлери менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.
Секциялык иштердин экинчи бөлүгүндө иш-чаранын катышуучулары оюн оозеки жана жазуу жүзүндө билдире алуу көндүмдөрүн калыптоо жана өркүндөтүү технологияларын талкуулашты.
Ошондой эле «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан кыргыз тилин мамлекеттик, орус тилин расмий тил катары билүү деңгээлин аныктоо максатында флешмоб форматында чакан тесттер уюштурулду.
Конференциянын катышуучулары тилди окутуунун сапатын жогорулатууга түрткү берген жана мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу кызматын аткарган улуттук тест системаларын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. «Кыргызтест» системасынын Россия Федерациясынын ТРКИ жана Казакстан Республикасынын КАЗТЕСТ системалары менен мындан ары да кызматташуусунун келечектеги пландары белгиленди.
Бул күнү «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун ортосунда аткарылган жигердүү иштин жыйынтыгында кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

You may also like...