КЫРГЫЗТЕСТ САНКТ-ПЕТЕРБУРГДА

       2023-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О. Осмоналиев жана “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская иш сапарын Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында улантып, Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугунун вице-консулдары, Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы жана мекендештер менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуу менен кыргыз тили маселесинин тегерегинде маек курушту. Аталган жолугушууда К. Осмоналиев МТСУК аткарып жаткан иштери жана жакында кабыл алынган Конституциялык мыйзамды чечмелеп берүү менен мекендештердин суроолоруна жооп берип, бир катар сыйлыктарды тапшырды.
“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтест” системасы тууралуу жана мекеменин жүргүзгөн иши жөнүндө кеңири маалымат берди.

You may also like...