КЫРГЫЗТЕСТ САНКТ-ПЕТЕРБУРГДА

«Эл аралык Эне тил күнүнө» карата Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан бекитилген бир айлыктын иш планынын алкагында өтүп жаткан иш-чаралар Санкт-Петербургда улантылды.

2023-жылдын 16-февралында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы Кеңсесинде Санкт-Петербург шаарында жашап жана эмгектенип жүргөн мекендештерге «Кыргызтест» системасы боюнча презентация жасады.

Андан кийин мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдерин билүү деңгээлин аныктоо боюнча флешмоб түрүндөгү чакан тест өткөрүлдү.

You may also like...