«КЫРГЫЗТЕСТ»: КР ПРЕЗИДЕНТ АППАРАТЫ ТЕСТ ТАПШЫРУУДА

2022-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин 26 кызматкери «Кыргызтест» системасы аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестине катышышты.

Тест бардык деңгээлдерде «Окуу», «Жазуу», «Сүйлөө», «Лексика. Грамматика» жана «Угуу» субтесттери боюнча жүргүзүлдү.

Мамлекеттик кызматкерлердин арасында тестти алгач тапшыргандар жана деңгээлдерин жогорулатуу максатында да келишкендер болду.

You may also like...