Түп районунун 23 мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринен келген 206 кызматкер 5 деңгээл боюнча 5 субтесттин тапшырмаларын аткарып, ыраазычылык билдиришти. Тест процесси таза жана тынч өттү. Көчмө топ Каракол шаарына жол тартты.
«Кыргызтест» системасы боюнча жүргүзүлгөн бардык тесттер толук көлөмдө «Кыргызтест» Мамлекеттик мекемесинин сайтында онлайн көрсөтүлүп, видеого жазылып турат.
КУЛАКТАНДЫРУУ!
Урматтуу тест тапшыруучулар!
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси саат 9:00дон 18:00го чейин иштейт, түшкү тыныгуу саат 12:00дон 13:00го чейин болот.
Тест алдын ала бекитилген график боюнча эки нөөмөттө жүргүзүлөт.
➽ Биринчи нөөмөткө каттоо саат 9:00до башталат
➽ Экинчи нөөмөткө каттоо саат 13:30да башталат
Тест акысы төлөнбөгөн учурда тестке катышууга уруксат берилбейт (КР 2014-жылдын 17-июлундагы №139 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамынын 2-главасынын 7-беренесинин 1, 2-пункттарынан тышкары)
Төлөмдү төлөө жолдору:
● каалаган банктын бөлүмүндө;
● «О! Деньги» тиркемеси аркылуу;
● «RSK24» мобилдик тиркемеси аркылуу.
Компьютердик класстагы орундар чектелүү болгондуктан, тестке алдын ала жазылып, графикти макулдашып келүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Кошумча маалымат алуу үчүн телефон номурлары:
☎ +996 555 000 661
☎ 0 312 886 917
✅ Администрация
ТЕСТ АКЫСЫ Алуучу: «Кыргызтест» Мамлекеттик мекемеси Алуучунун банкы: КР борбордук казыналыгы Төлөм коду: 14235400 Төлөмдүн багыты: Мамлекеттик тил боюнча тест жүргүзүү үчүн төлөм Эсептешүү эсеби: 4402031102003679 БИК: 440001 Баасы: 450 сом Бир субтестти кайра тапшыруу баасы: 90 сом